Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ошто Мырзакматовдун тарапташтары cоттун адилет өтүшүн талап кылып жатат
Бүгүн, 10-августта Ош облусттук соттун имаратынын алдында жүзгө жакын жаран экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары соттун жыйынтыгын күтүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБсынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, чогулган эл митинг өткөрүп жаткан жок, жөн гана соттун жыйынтыгын күтүп жатышат.
Айрым ММКлар уюштуруучулардын маалыматына таянып, эки миңден ашык киши митинг уюштуруп жатканын жазган.
Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусттук сотунда Мелис Мырзакматовду коргоо боюнча апелляциялык арыз ачык каралып жатат.
Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөсүн курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттогон. Үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.