0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ШколаNews - Новости и Мероприятия

    Ошто өткөн «Китеп окуп, белек утуп ал» сынагынын жыйынтыгы чыкты

    Ошто өткөн «Китеп окуп, белек утуп ал» сынагынын жыйынтыгы чыкты
    27 04 2015 12:50

    Ошто өткөн «Китеп окуп, белек утуп ал» сынагында баш байгени №52 мектептин окуучусу жеңип алды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

    Маалыматка ылйык, «Китеп окуп, белек утуп ал» сынагында баш байгени шаардагы №52 Кыргыз-түрк достугу атындагы мектептин 10-классынын окуучусу Кубатбек уулу Бекболот багындырып, ноутбук утуп алды.

    Ал эми 1-орунду №33 С. Алымкулов атындагы мектептин окуучусу алып, букридердин ээси болду. 2-орунду №30 А. Алиев, 3-орунду №50 Нышанов атындагы мектептердин окуучулары багындырып, аларга белгилүү жазуучулар Чыңгыз Айтматовдун, Касымалы Жантөшевдин томдук китептери берилди. Жеңүүчүлөргө жана жигердүү катышкандарга аталган башкармалыктын дипломдору берилди.

    Сынакта окуучулар китепке байланыштуу берилген оозеки жана тесттик суроолорго жеринде жооп беришти.  

    Аталган сынактын негизги максатын башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсановдун айтымында, замандын талабына ылайык бүгүнкү күндө мектеп окуучулары китеп окубай калды деп эле кол куушуруп отура бербей, китеп окууга кызыктыруу аракеттерин көрүп жатабыз. «Анын бири катары жогорудагы сынакты айта алабыз. Максатыбыз окуучуларыбыздын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырып, келечек турмушунда китептин ролу чон экендигин түшүндүрүү болуп саналат», - деп билдирди ал.

    «Китеп окуп, белек утуп ал» сынагына шаардагы ар бир мектептерден тандалып алынган жалпы 150 окуучу катышты.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *