Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Парламентте ЖКнын жаңы депутаты Алмасбек Абытов ант берди
18 06 2015 10:37
Бүгүн, 18-июндагы парламенттик жыйынында «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча ЖКга депутат болуп келген Алмасбек Абытов ант берди.
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Алмасбек Абытовду кыргыз парламентинин депутаты болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Мыйзамга ылайык, депутат парламентте ант берген соӊ, ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.
Белгилей кетсек, Алмасбек Абытов жакында эле Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына дайындалган Курмантай Абдиевдин ордуна келди.