Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кыргыз пресса
Парламенттин маанилүү жеринен орун ала турган партия
«Фабула» гезити Аскар Салымбековдун «Эмгек» аттуу партиясы эл көзүнчө чабыла элек күлүктөй төрт аягы тыбырагансып турганы. Ал күлүктүн кандай тапталып жатканын кез-кези менен угуп калабыз, аны менен бирге таптап жаткан саяпкерин саресепке салабыз... Аскар Салымбеков кандай айтсак да кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп бизнес деген өтө коркунучтуу ишке баш коюп, анын соккуларына, сыноолоруна, азап-тозогуна чыдап берип, бүгүнкү күнү кыргыздын олигархтарынан болуп отурат. Салымбеков билимдүү, кай ишке болбосун жөндөмдүү, дайыны жок шуулдаганды жек көргөн жигиттерибиздин бири. Партиясына кыргыздын мыкты уул-кыздары келип жатат деп угабыз, анысы чын болсо бул партия парламенттин маанилүү жеринен орун алат – деп жазса,
«Ачык саясат» гезити социликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен саясий партиялардын рейтинги чыгарылды. Анын тыянагына саресеп салсак «Ата Мекен», «Замандаш», «Республика» ат салышат экен. Эл арасында абройлуу «Улуттар биримдиги», «Эмгек», «Бир-Бол» жана башка партиялардын бар экендигин билсе да билмексен. Ошол эле мезгилде өздөрүнүн негизги кожоюну болгон КСДПны жымсалдап жашырып койгону, булардын административдик ресурс жана кримдүйнө аркылуу аракеттене тургандыгын өздөрү эле көрсөтүп жатышат – деп жазат.