Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Рашид Тагаев: «Бекем тартип, таза мээнет, ак эмгек гана ийгиликке жеткирет»
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер, милициянын генералы Рашид Тагаев Сузак районундагы Ленин жана Гавриловка айылдарынын тургундары менен жолугушту.
Аталган айылда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар дыйканчылык алектенишет. Андыктан жолугушууга келген талапкерге дыйканчылык маселесинин айланасында көп суроолор берилди. Ал эми талапкер Рашид Тагаев: “Эгерде мамлекетте бекем тартип болсо, ар ким таза иштесе, ак мээнет кылса ушундай көйгөйлүү маселе өзүнөн өзү чечилет”, - деди.
Шайлоочуларды утурумдук убадаларга, акчага жана башка азгырыктарга алданбай, татыктуу, мамлекет үчүн иштей турган, таза партияны тандоого чакырды.
Иш-чара алкагында, жалпы партиянын багыттары, программалары менен тааныштырып кетти.