Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Культура
Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун биринчи бөлүгүнүн академиялык басылмасы толук жарык көрдү
Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы эпостун 4-тому жаңыдан эле 1000 нуска менен жарык көрдү, деп бугун, 27 март куну, Улуттук Академисынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Саякбай Каралаевдин вариантындагы эпостун үчилтигинин басылышы 1992-жылы Адабият жана көркөм өнөр таануу институтунда башталып, кийин Манастаануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда уланып, даярдалып бүткөн эле. Бирок, каражат тартыштыгынан улам акыркы 4-тому жаңыдан эле “Турар” басмасынан 1000 нуска менен жарык көрдү. Китепти басмага даярдагандар Айнек Жайнакова жана Райкул Сапарбеков, башкы редактору Абдылдажан Акматалиев», - деп айтылган билдирмеде.
Алардын айтымында “Манас” эпосуна байланыштуу Улуттук Программаны ишке ашыруу үчүн өкмөт тарабынан өткөн жылы миллион сом бөлүнүп берилген эле. Алдыда С.Каралаевдин вариантындагы “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрүн да басмадан чыгаруу керек. Бирок азырынча эпостун бул бөлүмдөрүнө каражат бөлүү чечиле элек” – дейт долбоордун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев.
Эске салсак, “Манас эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын теңдешсиз эстелиги, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври болуп саналат.