Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Сокулук районунда мал уурдоого шектелген 24 жаштагы жаран кармалды
12 08 2015 09:25
Сокулук районунда мал уурдоого шектелген 24 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 56 жаштагы И.К. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 30-июлда белгисиз адамдар сарайда байланып турган уюн уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Т. кармалган. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.