Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Жунусбеков: Жерүй иштетилсе, Талас облусу таза суусуз калат
Бүгүн, 8-июлда “Талас Эл ынтымагы” кыймылы Жерүйдү иштетүүгө каршы экенин билдирип, маалымат жыйын өткөрүштү.
Аталган кыймылдын өкүлү, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков кыргыздардын байлыгы алтын, күмүш же газ менен нефть эмес экенин баса белгиледи.
“Кыргыздын байлыгы тоолорубуздун үстүндө жаткан мөңгүлөрүндө. Аларды бүгүн кендерди иштетебиз деп жок кылсак, Талас облусу таза суусуз калат, -дейт Т. Жунусбеков.
Мындан тышкары, активисттер “Ата Мекен” партиясы Таласка барып, Жерүйдү жүгөрү крахмалы менен иштетебиз дегенге да каршы экенденин билдирди.
“Биринчиден жүргөрүнүн крахмалы менен Жерүйдү иштетүү деген практикада жок. Экинчиден Талас эли кенди жүгөрүнүн крахмалы менен ачылышына дагы макул эмес. Анткени Жерүй Таластын башында турат. Алтындын үстүндө негизги мөңгүлөр турат. Эгерде алтынды ала турган болсо мөңгүлөрдү талкаланат. Мөңгүлөр талкаланса суу азаят, экология булганат. Биз негизи эле Жерүйдүн иштетилишине каршыбыз”, -дейт Т. Жунусбеков.
Буга чейин Таластын активисттери Жерүйдү иштетүүгө каршы бир нече жолу митинг уюштурушкан.
Эске салсак, Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган. Жакында аталган компания Кыргызстандын бюджетине талап кылынган 100 миллион долларды толугу менен которгон.