Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Т. Зулпукаров шайлоо жакындаганда партиялар бири-бирин каралоого өтүп жатканын айтты
08 04 2015 17:01
«Бийликтин КСДП партиясынын депутаттары ырыскысын көтөрө албай көптүбү же деңгээли ансыз деле төмөн беле, айтор биринин артынан экинчиси артын чукулап, эл алдында шерменде болушууда», -деп айрым ММКлар жазып чыккан.
Бул боюнча TOPNEWS.KG маалымат порталына КСДП фракциясынын мүчөсү, ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаров шайлоо жакындаганда партиялар бири-бирин каралоого өтүп жатканын айтты.
«Бул каралоонун артында ар кандай күчтөр болушу мүмкүн. Бирок, канчалык деңгээлде чын же жалган экенин коомчулук өзү эле таразалап алат. Биз демократияга 24 жылдын ичинде жетишиптирбиз, бирок демократиянын маданиятын түшүнө албай жатабыз. Ошондуктан ушундай каралоолор болот экен», -дейт Т. Зулпукаров.