Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Таза оппозициялык кыймылдын” мүчөлөрү Казакстандын жана Россиянын президентине кат жөнөтүштү
31 03 2015 12:05
Бүгүн, 31-мартта өздөрүн “Таза оппозициялык кыймыл” деп атаган активисттер Казакстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына акция өткөрүп, аталган мамлекеттин башчыларына кат жөнөтүштү. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов билдирди.
Анын айтымында, келечекте Нурсултан Назарбаевдин президенттик шайлоодо жеңип чыгышына тилектеш болуп кат менен кайрылган. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путинге бирдиктүү валюта болсун деген сунушу менен кат жөнөтүшкөн.
Белгилей кетсек, “Таза оппозициялык кыймыл” буга чейин бир нече жолу “Путинди колдойбуз”, “Кыргызстан Бажы биримдигине тез аранын ичинде кирсин” деген талаптары менен акция уюштурушкан.