0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Таза партия – таза шайлоо /Тогуз-Торо, Казарман

    Таза партия – таза шайлоо /Тогуз-Торо, Казарман
    11 09 2015 09:38

    Бүгүн, 10 – сентябрда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Жалал -Абад облусунун Тогуз - Торо районунун Казарман айылында шайлоочулар менен жолугушту. Шайлоочулар партиянын теңтөрагасы Аскар Салымбековду майрамдык маанай менен тосушуп, анын бул айылга келишин абдан кубатташты. Тогуз -Торо районунда 23 миң кожолук бар. Баардыгын учурда тынчсыздандырып турган нерсе бул алдыдагы келе жаткан шайлоо өнөктөштүгү жана  партиянын келечеги. Себеби, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясына райондун элинин ишеними чоң. Жолугушууда Аскар Салымбеков райондун шайлоочулары менен баарлашып жатып, алардын социалдык көйгөйлөрү менен жакындан таанышты.

    Теңтөрага Аскар Салымбеков маркум Турдакун Усубалиевдин жаркын элесине таазим  менен бир мөөнөттүк эскерүүгө чакырды. Жапырт эл бул сунушту колдоп, бир мүнөттүк аза күтүштү. Аскар Салымбеков Тогуз - Торо району келечекте тогуз жолдун тоомуна айланып, түндүк менен түштүктү байланыштырган стратегиялык жолдордо орун алып калаарына терең ишенич артты. Ал кезектеги сөзүн «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын эконмикалык долбоорунун бири болгон «Ала Тоо кенчке» бурду. «Ала Тоо кенч» долбоорунун алкагында эл, мамлекет, инвестор бир ымалада иштей турган система түзүлүп, ар бири өз кезегинде кен байлыктарга акциянын күчү менен кожоюндук кыла ала тураганын айтты.

    Партиянын дагы бир экономикалык долбоорлору катары саналган «айыл чарбасын кооперациялаштыруу» тууралуу тогуз-торолуктарга кеңири маалымдады. Ал майда чарбалардын башын бириктирип, ирилештирүү максатын көздөйт.

    Казарман айылындагы жолугушууда айыл чарбасы боюнча партия дагы бир жаңы долбоорду көздөп жатканын айтты. Анын максаты какырап, айдалбай калган жерге сугат суусун киргизүү болуп саналат. Бул сууну да үнөмдөп, максаттуу жумшалышына багытталган «Тамчылатып сугаруу» долбоору. Кооперация, тамчылатып сугарууну айыл чарбасына киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул боюнча ар бир жерде пилоттук долбоорлор ишке киргизилген. Ушул тапта натыйжалуу үзүрүн берүүдө. Ушул эле багытта жер-жемиштер менен айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү майда цехтерди күнүмдүк турмушка киргизсек, бул мамлекеттик казынаны толтурууга кошкон ири көлөмдүү салым болот.

    Аскар Салымбеков «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын экономикалык долбоорлору  тартиптүү, чынжыр сымактуу система менен бекемделбесе, андан натыйжа күтүү болбогон  иш» - деди. Кооперация да, кайра иштетүү да, тамчылатып сурагуу да экономиканын өзөгүн түзсө, өз кезегинде экономика элдин социалдык көйгөйүн өз бетинче чечилишине түрткү болот. Мындай тезис Тогуз -Торо районунун элинин кубаттоосуна ээ болуп, Аскар Салымбековду кетирбей, эл көпкө дагы тегеректеп, кармап турушту.

    Жалал - Абад облусунан кийинки Аскар Салымбековдун иш сапары Нарын облусунун Ак - Талаа районуна карай багытталды. Тогуз -торолуктар партияны парламенттик шайлоодо бир добуштан колдоп бере тургандыктарын чын ниеттеринен ишендиришип, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбековго жана партияга ийгиликтерди каалашты.

    Жалал - Абад облусунан кийинки Аскар Салымбековдун иш сапары Нарын облусунун Ак - Талаа районуна карай багытталды. Тогуз –торолуктар партияны парламенттик шайлоодо бир добуштан колдоп бере тургандыктарын чын ниеттеринен ишендиришип, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбековго жана партияга ийгиликтерди каалашты.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *