0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ВУЗNews - Новости и Мероприятия

    Техникалык университет 60 жашта

    Техникалык университет 60 жашта
    19 09 2014 16:59

    КМТУ – 60 жашта

    Техникалык билимдин флагманы деп аталган И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 60 жылдык мааракесин белгилөөдө, бул жөнүндө TOPNEWS.KGге билим берүү министирлигинин пресс-катчысы билдирди.

    Мааракеге карата иш-чаралар 17-сентябрда башталды. Бул күнү Кыргыз-Герман техникалык институтунун түзүлүшүнүн 10 жылдыгы белгиленсе, 18-сентябрда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, окуу жай атын алып жүргөн Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземи болуп өттү. Ага Россиядан, Германиядан келген коноктор, Жогорку Кеңештин депутаттары, академиктер, ректорлор катышты.

    “ 60жылдык мааракенин алкагында бир нече иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Анын ичинде мамлекеттик чыгаан ишкер Искак Раззаковдун айкели ачылууда. Буга чейин бул инсанга айкел тургузууга мүмкүнчүлүк болбой келиптир. Айкелди университеттин эмгек жамааты И.Раззаковдун фонду менен биргеликте каражат топтоп  тургузууда. Натыйжада көп жылдардан бери келе жаткан ойлорубуз бүгүн орундалып турат”, - дейт окуу жайдын ректору Туратбек Дүйшөналиев.

    Окуу жайды мааракеси менен куттуктаган Билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев И.Раззаков кыргыз элинин тарыхтагы кайталангыс инсандарынын бири экендигин айтып, бул эстелик жаш муундар үчүн билим алуунун дагы бир формуласы болоорун баса белгилеп өттү.

    “Биз бүгүн ал кишини эскерүү менен бирге окуу жайдын мааракесин белгилеп жатабыз. Биз ошол эле мезгилде окуу жайды түптөгөн, окуу жай үчүн өмүрүн арнаган көрүнүктүү окумуштууларды, залкар инсандарды дагы унутпашыбыз керек. Албетте, И.Раззаковдун кыргыз эли үчүн кылган кызматы Ала-Тоодой. Ал сөздүн толук маанисине “Сен ооруба мен ооруюн Ата-Журт” деп келген. Андыктан бул эстелик жаш муундар үчүн билим алуунун дагы бир формуласы болот” - деди Н.Ишекеев.

    Иш-чара “Илим, билим, инновация: өнүгүүнүн маанилүү багыттары” аттуу эл аралык илимий-техникалык конференция,  Россия-Кыргыз техникалык консорциумунун жогорку окуу жайларынын көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.

    19-сентябрга Россия-Кыргыз техникалык консорциумунун 2-отурумун өткөрүү пландаштырылган. Анда биргелешип иштеген бир жылдын жыйынтыгы чыгарылып, келечектеги иштер талкууланат. 

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *