0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Видеорепортажи

    Видео:15 жаштагы кызды милиция кызматкери зордуктаган

    Видео:15 жаштагы кызды  милиция кызматкери  зордуктаган
    24 03 2015 13:23

    2012 жылдын октябрь айында  15жашар  кыз үйдөн  жука кийимчен  чыгып кеткен бойдон жок болгондуктан кыздын апасы дароо Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө  арыз менен кайрылып,  кызын  таап берүүгө жардам сураган. Көрсө кызы коңшу айылдагы  эжесиникинде жүрүптүр. Арыздын негизинде издемиш болуп жүргөн ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкери Т.Жалилов аны опузалап, суракка алам деп 2012жылдын 4-ноябрында  тушкө маал машинага салып,Исфана  шаарындагы аэропорт  тараптагы ээн талага алып барып, күч  колдонуп кийим кечесин чечип, бирөөгө айтсаң өзүндү  да энеңди да  өлтүрөм , мага  эч ким эч нерсе  кыла албайт  деп, каршылык кылса  башка көзгө  койгулап, зордуктаган. 15жаштагы кызды алдап  бир эле жолу зордуктабастан  эки үч жолу күч колдуулук көрсөтуп зордуктаган. Кордук көргөн жаш кыздын боюна бүтүп, өлүм менен өлүмдун ортосунда болуп көз жарган.  2013жылдын 26-сентябрында“Интелмед”коомунун Бонецкий лабораториясы кыз төрөгөн уул баланын атасы 99пайыз айыпкер  Т.Жалилов экени тастыкталган.Кыз бойго жетпей көз жаргандыктан баладан баш тарткан. Жогоруда келтирилген  далилдердин баары тастыкталганына карабастан ,Кадамжай райондук соту 2014-жылдын 9-октябрында “Жетиштүү далилдер жок болгондуктан” деген негизде  зордуктоо айыптарын алып салып,”кызматтык ыйгарым укугун  ашкере пайдаланган”деген  гана дооматы коюп,Т.Жалиловду 2жылга эркинен ажыратуу өкүмун чыгарган.Мындай чечимге макул болбогон тараптар Баткен облустук  ишти кайра кароо үчүн Кадамжай райондук  сотуна кайтарган.

    Адилеттик издеген  жабырлануучулар жардам сурап “Сезим”кризистик  борборуна  кайрылышкан.Учурда сексуалдык зомбулукка дуушар  болгон өспүрүм кызга  “Сезимдин” психологтору  тарабынан  жардам көрсөтүлуп жатат. “Сезим” кризистик борборунун адвокаты Рапия Рахимжанова учурда бул иштин үстүндө иштеп жатканын жана анын айтымында    Жергиликтүү сотторго жабырлануучулар тарабынан  ишеним көрсөтүлбөй,башка сот курамында ,башка облус  сотуна  жөнөтүү өтүнүчу Жогорку Сот тарабынан канааттандырылып,иш жакында Ош облустук  сотунда карала турган болгонун айтты.Ош облустук соту али күнчө бул ишти карай алек ,жакын арада иш кайрадан каралып Ош облустук соту  жаңы,калыс өкүм чыгарат деген үмүттөбүз.

     Болгон окуяны  толугу менен жабырлануучу Айзат (белигилүү себептер менен кыздын аты өзгөртүлүп берилди) айтып берет

    Комментарии

    1. тадам) 24 03 2015 15:43

      ***эжесникинде

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *