Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Восток-геолдобыча» компаниясы Жерүйдү иштетебиз деп келсе, эл менен компаниянын ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн
08 07 2015 11:21
Жерүйдү иштетебиз деп россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы келсе, эл менен компаниянын ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлдагы маалымат жыйында “Талас Эл ынтымагы” кыймылынын өкүлү Касымбек Райымкул уулу билдирди.
Анын айтымында, алар ушундай чыр чыгып кетпеш үчүн алдын алып жатышат.
“Жерүй маселеси тууралуу бир нече жолу митингдер өткөн. Бирок бийликтегилер элдин сөзүн укпастан конкурс өткөрүп, ушул күнгө келдик”, -дейт К. Райымкул уулу.
21-июлда Таласта Жерүйдүн иштетилишине каршы митинг уюштурулат.
Эске салсак, Жерүйдү иштетүү боюнча 4-майдагы конкурста россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.