Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж. Акаев: “Маалымат алуу үчүн барган журналисттерге күч колдонулушу өтө олдоксон көрүнүш”
“Азаттык” радиосунун журналисти жана телеоператоруна Медициналык академияда күч колдонулушун өкмөт тез арада иликтеп, окуу жай ичинде журналисттерге кол көтөргөн кызматкерлердин жоопкерчилиги каралып, бул окуядан тиешелүү жыйынтык чыгарылышы керек», - деп социалдык тармак аркылуу президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, маалымат алуу үчүн барган журналисттерге Билим берүү мекемесинде ыдык көрсөтүлүп, күч колдонулушу өтө олдоксон көрүнүш, өкмөт буга чара көрүшү зарыл.
“Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулук камсыздалып, журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү толук түзүлгөн шартта, мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү толук мүмкүн”, -дейт Ж. Акаев.
Кечээ, 17-февралда “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барганда аларга күч колдонулган.