Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ж. Жолдошева: Стабилдүүлүк, тынчтык болсун десек, Баш мыйзамга тийишпеш керек
«Мен депутаттык кол тийбестикти алып салууну сунуштагам, бул боюнча каралбаптыр», - деп ЖКда адам укуктары комитетинин жыйынында «Ата-Журт» фракциясынын депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.
Анын айтымында, ал үч маселени өзгөрткөнгө сунуш кылган. Мындан тышкары, Жылдызкан Жолдошева президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевге «Конституцияны өзгөртүү демилгесин президент колдойбу?» деген суроо берди.
Данияр Нарымбаевдин билдирүүсү боюнча президент бул демилгени колдойт. Жылдызкан Жолдошева президенке кайрылуу жасады. «ММКлар аркылуу президентке кайрылуу жасап кетейин. Алмазбек Шаршенович, сиз буга чейин айткан сөздөрүңүздү аткарып келгенсиз. Бул кошоматчылык эмес. Мен туура эмес кылган ишти бетке айтам. Сиз учурда болуп жаткан саясий фигуралардын кызыкчылыгына аралашпасаңыз. Референдум эч качан болбош керек. Мен сизден суранып кетет элем», - дейт Ж. Жолдошева
Депутат стабилдүүлүк, тынчтык болсун десек, Баш мыйзамга тийишпеш керек экенин айтты.