Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Жалданып иштеген студенттердин укугу бузулууда

Ош шаарында 436дан ашуун коомдук тамактануучу жайлар иштесе, алардын 126сы кафе, барлар, 20 ресторан жана 23 чайхана. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 17-сентябрда өткөн сессиясында Ош шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Алик Мурзалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган коомдук тамактануу жайларында 5 миңден ашуун адам жалданып иштеп, алардын көпчүлүгүн студенттер түзөт, сабактан тышкаркы убактысында иштеген студенттер күнүнө 300-500 сом, ашпозчулар 700-1200 сом, идиш жуучулар 500 сомдон жогору эмгек акы алышат.
Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бактыгүл Темирова билдиргендей, кафе-ресторандарда иштеген студенттердин укугу бузулуп, аларга карата күч колдонулгандыгы тууралуу маалыматтар бар.Ошондой эле, депутат Р.Мамыров өз кезегинде, кафе-ресторан жана чайканаларда укуктарынын бузулушун көзөмөлдөгөн комиссия түзүүнүн зарылчылыгын белгиледи.