0312 90 68 58
    info@topnews.kg

    Фотопортал





     

    Абдраимова Мира Кыдыровна

    Менин апам баарынан мыкты!

    Менин апамдын аты – Мира. Ысык-Көл областынын Чок-Тал айылынын кызы. Студент кезинде апамды көптөгөн балдар жакшы көрүп, артынан чуркашчу экен. Буларды кийин апамдын «Күндөлүгүнөн» окуганбыз. Ошол артынан чуркаган жигиттердин катарында атам дагы болуптур. Анан да, апамдын «Күндөлүгүнөн» атамдын апама «Мира, мен сени сүйөм» деп ыйлаганын да сиңдилерим болуп окуп алып, бир сыйра жылмайып алганбыз. Бизге атам менен апам «ата-апа» болуп эле жаралгандай сезилгени менен, алар деле биздей жаш болушуптур, алар деле студент болуп, бири-бирин сүйүшүптүр. Ошентип, атам өз максатына жетсе, ал эми, апамдын бактысына атамды буюруптур.

    Азыр апам 3 кыз, 1 уулдун энеси. Улуусу – мен. үйдүн жылуулугун кармап, үй ичине мээримин чачып, коломтодогу отту өчүрбөй, үй-бүлөбүздүн жарыгы да, Күнү да – апам. Апамда чыныгы аялзатына тиешелүү бардык сапат бар: мээримдүү, жылдыздуу, сулуу, мыкты кожойке, ардактуу кесиптин ээси, шайыр, жөнөкөй, жан дүйнөсү таза жана атамдын өмүрлүк жары, колдоочусу, он колу жана ишенимдүү жубайы.

    Барган сайын апамдан көп нерсени уүйрөнүп, таасир алып, апамды дагы көбүрөөк баалай баштадым. Апамдын атама жасаган мамилеси, сыйы, урматы, өз орду менен болуп, атам менен кенешип иш жасаганы үлгү болуп көрүнөт. Биз кичинебизде да, атам кармалып калса «атаңарга эмне болду», «кое тургула, атаңар келсин, анан тамак ичебиз» - деп апам атамды күтүп, атам келгенде гана чогуутамактанууга чакырчу.

    үйдө тарбия көбүнчө эне тараптан берилет дешет. Анан да, балдардын көбү энеге жакын болушат. Бизди апам чынчыл, эмгекчил, таза, калыс болууга тарбиялады. Туура эмес иш жасап алсак, биринчи апабыз билет. өзүнүн кенешин айтып, кези келсе катуу кармачу. «Атаң укса эмне дейт», «бар, атаңдан сура», - деп атамдын ордун да үй-бүлөдө бийик коюп турат.

    Апамдын адамдык да, аялдык да сапаттарын баалайм жана ошондой болууга аракет кылам. Аял киши чынында эле үйдүн очогу экен. Эсимде, кичинекей кезимде апам ооруп, төшөктө жатып калса, үйдүн ичи жылуу болуп, ысык тамак ичип жатсак да, бир нерсе жетишпей жаткандай сезилчү. Бала кез кайгы-капа, жаман ой, ашыкча көйгөй жок баео кез да, бирок ошондо да ойноп-күлүп жүргөнүбүз менен апамдын жанынан айланчыктап чыкпачубуз.

    Азыр апамдын баягы кичинекей-кичинекей болгон 3 кызы чоңойду, алардын артынан уулу да өсүп жатат. Баягыдай эле китеп окугула дейт,анан да бактылуу болгула дейт. «Кээ бир ата-энелер ичиндеги мээримин, сүйүүсун сыртка чыгара бербейт» деп бир мугалим эжейим айткан эле. Чынында эле, менин ата-энем ошондой. Ашыкча мактай беришпейт. Бирок, апам кичине эле ийгилигибизге жетине албай, аябай кубанат. Мен апамдын көздөрүнөн эле мээриминин төгүлгөнүн көрүп турам, анын көздөрүнөн мага болгон үмүтү, ишеничи,  көрүнуп турат. Апамдын 9 ай көтөргөнүн, бул жарык дүйнөгө алып келгенин, бир тамчы сүтүн, бир эле түндүк эмгегин актасам дейм, апамды ыраазы кылып, анын сыймыгы болсом дейм. Апамдын күн сайын амандыгымды тилегени эле мен үчүн кымбат. Ошондуктан, апакемдин ак сүтуүн, ак эмгегин ишеничин актап, үмүтүн аткарсам деп талпынам. Анткени, апам мен үчүн баарынан мыкты аялзат, мыкты апа, эч ким, эч нерсе менен алмаштырып, тенегис бактым, сүйүүм, колдоочум, тумарым, сырдашым, тирегим… Апама болгон жакшылыктарымды арнайм! Жетишкенимди да, ийгилигимди да, жүрөгүмдү да апама арнайм! Анткени ал татыктуу! Анткени, ал мен үчүн эң мыкты ЭНЕ!   

    Кызы Болотбек кызы Жылдыз           

     

    comments powered by HyperComments