0312 90 68 58
    info@topnews.kg

    Фотопортал





     

    Кадыралиева Роза Женишбековна.

    Работает бухгалтером в детском саду в селе Уч-Терек

    Алтындай апам- Роза!

    Сизге ушул ырды  арноо менен бирге, келе жаткан  8-Март  Аялдардын эл аралык куну менен чын журогумдон куттуктайм! Тилегеним, ден-соолукта болуп, узак жашап, жашоонун таттуу кундорун балдарыныз, жолдошунуз менен бирге откорунуз! Дагы бир ирет майрамыныз менен! Сизди чексиз жакшы кором!

    Менин апам баарынан мыкты!

    Апам Кадыралиева Роза 1974-жылы 19-февральда Токтогул районунда туулган. Кесиби боюнча  эсепчи. Азыркы убакта  Уч-Терек айылындагы балдар бакчасында эсепчи болуп эмгектенет.

    Элибизде жакшы соз бар эмеспи:”Ар кимдики озуно ай корунот козуно ”-деген.Менин апам да баарынан мыкты!Атына заты жарашкан назик,сулуу,мэримдуу,акылман,шайыр , деги койчу санай берсен сан жетпеген эн мыкты сапаттарга ээ.Апам  3 уул,1кызды тарбиялап,бизге мээримин тогуп, атам экоо эч нерседен кем кылбай  чонойтушту.

    Менин апам баарынан мыкты! Анда аял затына таандык  баардык жакшы сапаттар бар.Анын жасаган даамдуу тамактарын, шириндерин ар дайым  тамшанып жейм.Апам ошо менен бирге эле колунан коору тогулгон ууз чебер айым.Бош убактысында тигуучулук менен алектенип,курак, токуу онорлорун мыкты билет, жана да суротту жакшы тартат. Мен да сурот тартып , дизайнерлик кесипке окуума апамдан таасирленгем десем болот.

    Атам айткан:” Менин жубайым-гулдордун ханышасы”-деген созун мен да колдойм, апам   жолдошуна- суйуктуу жар,  балдарына- мээримдуу эне!

    Энеме арналат

    Ымыркай, алакандай, кипкичине,

    Ыңаалап бул дуйнөгө келдим эле.

    Карабай оор төрөттүн азабына,

    Алдейлеп ак сүтүңдү бердин эне.

     

    Уктабай түн уйкуңду мага бөлүп,

    Канча убак таттуу уйкундан калдың эне.

    Жууш үчүн жалаякты мен булгаган,

    Колдоруңду муздак сууга салдың эне.

     

    Чоноюп жети жашка келгенимде,

    Сизди ээрчип мектебиме бардым эле.

    Убакыт учкан куштай өтүп кетип,

    Окууну мен да бүтүп калдым эне.

     

    Тапшырып окуу жайга борбордогу,

    Өзүңдон мен алыстап калдым эне.

    Жаныңдан чыкпай жүрүп көнгөн экем,

    Сагынып кусалыкка баттым эне.

     

    Сезилчү эч кыйынсыз, жепжеңилдей,

    Сиз кылган, сиз жасаган баардык нерсе.

    Өзүм жууп, өзүм кылып билип жатам,

    Баркыңдын баалулугун эми эне.

     

    Жалбырап жаратканга жалынамын,

    Жанымда узак  өмүр сүрүшүндү.

    Жашоомо жарык берген шоола болуп,

    Жаркылдап жапжап болуп жүрүшүңдү.

     

    Жалганда сизди ыраазы кылыш деген,

    Ойлорум ишке ашса башымдагы.

    Кирсем дейм жараткандын бейишине,

    Энеке! Таманыңдын астындагы.

     

    Уулуң Турсунбеков Заман

    Показать
    comments powered by HyperComments