Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(видео) Д. Орунбеков: Бийликтин Клара Сооронкулованы кысымга алуусуна менин дагы ишимдин байланышы бар
Анын айтымында, 2014-жылы ага карата «жалган билдирүү таратты» деп, президенттин тапшырмасы менен 329-берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Р. Жээнбеков Башкы прокуратурадан ЖКнын төрагасына кылмыш ишин козгоосун суранды
Анын айтымында, Асылбек Жээнбеков Конституциялык палатанын Соттор коллегиясынын мүчөсү Клара Сооронкулованы кызматтан кетирүү боюнча добуш берүүнү кайрадан койгондугу мыйзамсыз.
(видео) Клара Сооронкулованы колдогондор митингге чыкты
Алар Клара Сооронкулованын кызматтан кетишин туура эмес деп эсептейт.
КТРКнын «Азаттык» менен болгон телеберүүлөрдү жайгаштыруу келишими токтотулду
Анын билдирүүсүндө, КТРК «Азаттык» менен сүйлөшүү жүргүзүп прайм-тайм учурунан башка убакыт берүүгө даяр.
Активисттер Клара Сооронкулованы колдоп, Ак үйдүн алдына митингге чыгат
18-июнда Клара Сооронкулованы Соттор кеңеши мөөнөтүнөн мурда иштен алуу чечимин чыгарган.
«Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партиялары бириккен жок, жөн гана кызматташат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Ата Мекен» партиясынын Бишкек шаары боюнча жаштар канатынын төрагасы Мурат Соорбеков билдирди.
Эртең Таласта активисттер Жерүй маселесин талкууга алышат
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Төрахан Жунусбеков билдирди
Ош базарында иштегендер Ак үйдүн алдына митингге чыгышты
Алар көчөдө, базардын тегерек-чекесинде мыйзамсыз азык-түлүктөрдү саткандардын азабынан базарга кишелер кирбей калгандыктан, аларды кетирүү талабы менен келишкен.
(видео) Активисттер Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы жана бир нече талап менен митингге чыкты
Алар «Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев чыккыла!» жана «ЖКнын депутаттары чыккыла!» деп кыйкырып, Ак үйдү айланышты.
А. Бекматов: Акыйкатчыны кызматтан атайын комиссия түзүп бошото турган жолу бар болчу
Анын айтымында, үч фракциясы кыска жол менен түз эле Жогорку Кеңешке өздөрүнүн чечимин жөнөткөн. Чечимди парламент көпчүлүк добуш менен колдоп берди.
Б.Аманбаев: Жогорку Кеңештин депутаттары мени сыйлабаса да Конституцияны сыйлап коюшса болмок
Анын айтымында, ЖКнын депутаттары Конституциянын талаптарын, акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамдын 7-беренесин одоно, өкүм зоордук менен бузуп, өзүм билемдик кылып аны кызматтан бошоткон.
Парламент акыйкатчыны ээлеген кызматынан кетирди
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе добушка коюлуп, кабыл алынды.
А. Бекматов: Суу кодекси боюнча өзгөртүүлөдү киргизишибиз керек
Анын айтымында, Орто-Азия боюнча суу ресурстарына бай мамлекеттердин катарына киребиз. Бирок ошол эле убакта өзүбүз сууга муктажбыз.
Д. Жумабеков: Кийинки муун сыймыктанып жүрө турган ак-мөңгүлөрүбүздү калтырып кетишибиз керек
«Мамлекеттик гимнде биз өзүбүздүн элибизди аска-зоо, талааларыбызды айтып жатабыз. Бул мыйзам менен биз мөңгүбүзгө тийишип жатабыз. Кийинки муундар сыймыктанып жүрө турган ак-мөңгүлөрүбүздү калтырып кетишбиз керек. Бир ишкана үчүн мындай кадам жасоо туура эмес», - дейт Д. Жумбеков.
(видео)ЖКнын алдына «Элдин турак жайын мыйзамдаштырып бергиле» деген жазууларды көтөрүп, 20 жаран митингге чыкты
Митингдин катышуучусу Ыргалай Бекмуратова айтымында, 47 миң үй-бүлөнүн салынган үйүндө документи жок.
(видео) Ак үйдүн алдында 5 жаран Кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчисинин отставкасын талап кылышууда
Акциянын катышуучуларынын биринин айтымында, Т. Чолпонкулов Акаев, Бакиев убагынан бери коррупцияга маалынып иштеп келет.
Өкмөт биометрикалык маалымат тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат
Анын айтымында, бүгүн бул маселеге өкмөт көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калат.
Д. Нарымбаев: Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарын сактоо менен кошумча укуктар берилет
Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев билдирди.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн митинг тууралуу Д. Нарымбаевдин кабары жок экен
Ак үйдүн алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өткөн.
(видео) Активисттер "Текебаев, Кулов, Турсунбеков, Нарымбаев Конституциядан колунарды тарткыла" деп кыйкырышууда
Бирок, бийлик тараптан жооп болгон жок
(видео) Ак үйдүн алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө
Колдоруна "Конституциядан колуъду тарт" деген жазууларды көтөрүп алышкан
Адам укуктары комитетинин отурумунда «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча референдум дайындоо тууралуу» мыйзам долбоору жактырылды
Бүгүн Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин отурумунда бул мыйзам долбоору каралып ЖКнын депутаттары өздөрүнүн ойлорун билдиришти.
Ө. Абдырахманов: Конституция туура эмес жазылган болсо, ошону жазган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү отставкага кетиш керек
Бул тууралуу бүгүн парламенттеги адам укуктары комитетинин жыйынында ЖКнын депутаты Өмүрбек Абдырахманов билдирди.
Ж. Жолдошева: Стабилдүүлүк, тынчтык болсун десек, Баш мыйзамга тийишпеш керек
«Мен депутаттык кол тийбестикти алып салууну сунуштагам, бул боюнча каралбаптыр», - деп ЖКда адам укуктары комитетинин жыйынында «Ата-Журт» фракциясынын депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.
И. Исаков: Конституцияны өзгөртүү демилгесин эл колдобойт
«Өмүрбек Текебаев болгондо өзүнөн сурайт элем, 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөйбүз деп сөз бергенбиз», - дейт бүгүн, 23-июнда парламенттин адам укуктары комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков.